Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 22.12.2015 15:54

Жети-Өгүз РИИБ Кызыл-Суу айылында өспүрүмдөр арасында эркин күрөш боюнча мелдеш өткөрдү (фото)

Turmush -  Үстүбүздөгү жылдын 19-декабрында Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги тарабынан эркин күрөш боюнча «Жаш балдар зордук-зомбулукка каршы» деген аталыштагы мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Мелдеш Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы Данияр Токтомушов атындагы спорт комплексинде болду. Бул спорттук иш-чара облустук деңгээлде өткөрүлүп, ага облустун туш тарабынан 1999-жылы туулган жаш уландардан тартып 2005-жылкы өспүрүмдөргө чейин катышты. Жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан атайын белектер тапшырылды.

Жети-Өгүз РИИБдин башчысы Тилек Тюкебаев: «Биз бул иш-чараны өспүрүмдөр арасында өткөрүп жаткандыгыбыздын бирден бир себеби жаштарды ар кандай жосунсуз жоруктардан алыстатуу, аларды спортко тартуу, ичкилик, баңгилик, рэкетчилик жана башка ушул сыяктуу терс көрүнүштөргө өгөт коюу болуп саналат. Муну менен катар мелдештин аты айтып тургандай эле балдарды зордук-зомбулукка каршы үндөө», - деди. Ал бул иш-чаранын кийинки жылдары да уланарын белгиледи.

Белгилей кетсек, 2015-жыл ИИМдин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын жылы деп жарыяланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×