Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 23.12.2015 09:29

Жети-Өгүздө жаңы ишканаларды ачуунун негизинде 12 айыл өкмөтү дотациядан чыкты, - аким К.Жудеев

Turmush -  Быйыл Жети-Өгүз районунда 13 айыл аймактын ичинен 12си өзүн өзү каржылай ала турган айыл аймагы болууга жетишти. Бул тууралуу кечээ, 22-декабрда аталган райондун акими Калысбек Жудеев билдирди, деп маалымдайт Turmush басылмасынын кабарчысы.

К.Жудеевдин айтымында, дотациядан чыгуу үчүн айыл аймактар ар кандай ишканаларды ачышты. «Бүгүнкү күнгө чейин райондо 10 ишкана ачылды. Алардын төртөө жеке менчик болсо, калганы муниципалдык ишканалар», - дейт ал.

«Ошондой эле ижара акылары жогорулатылып, жер салыгын көтөрүү менен бюджетке түшкөн киреше көбөйдү», - деп кошумчалады аким.

Райондо учурда дотацияда бир гана айыл аймагы — Ак-Шыйрак турат. Ал алыскы аймакта жайгашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×