Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 08.01.2016 09:14

Жети-Өгүздө 1 жылдагы жол кырсыктардан 15 адам каза болсо, алардын экөө жаш балдар

Turmush -  Жети-Өгүз районунда 2015-жылы катталган жол кырсыктарынан улам 15 адам каза болсо, алардын экөө жаш балдар. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Жети-Өгүз РИИБдин Жол кайгуул кызматынын жетекчиси Тимур Акматов билдирди.

Анын берген маалыматы боюнча, өткөн жылдын 12 айында 58 жол кырсыгы катталып, 15 адам каза болуп, 98 жаран ар кандай жаракаттарды алган.

Ал эми өспүрүмдөрдүн катышуусундагы 10 жол кырсыгы катталып, 2 өспүрүм каза болуп, 14ү жаракат алган.

«Өткөн бир жылдын ичинде Жети-Өгүз РИИБдин жол кайгуулчулары тарабынан жалпы 2 миң 221 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Алардын арасынан 169 айдоочу мас абалда кармалып, 69у айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылып, 18 айдоочу административдик жазага тартылды», - деп билдирди Т.Акматов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×