Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 13.01.2016 15:13

Жети-Өгүздүн Ак-Терек айылына 28 млн сомдук бала бакча курулат

Turmush -  Жети-Өгүз районуна караштуу Ак-Терек айылына 220 орундуу бала бакча куруу быйылкы жылдын иш планына киргизилди. Бул тууралуу аталган райондун акими Калысбек Жудеев билдирди, деп маалымдайт Turmush басылмасынын кабарчысы.

К.Жудеевдин айтымында, айылда бала бакча жок. Мектепке чейинки жаштагы балдар көп болгондуктан быйылкы жылы бакча курулат. Курулуш ишине Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан 28 млн сом берилет. Элетте 600дөн ашык түтүн бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×