Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 13.01.2016 16:19

Жети-Өгүздүн Барскоон айылынан уурулар пескоблок чыгаруучу цехтин 200 миң сомдук жабдууларын уурдап кетишти

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында белгисиз адамдар пескоблок чыгаруучу цехтин жабдууларын уурдап кетишти. Бул тууралуу кечээ, 12-январда аталган айылдын тургуну Н.К. билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 3-январына караган түнү белгисиз адамдар ага таандык пескоблок чыгаруучу цехке киришкен. Уурулар 1,5 жана 3,5 В кубаттуулугундагы 8 даана электр кыймылдаткычтарын алып кетишкен. Натыйжада ээсине 200 миң сом чыгым келтирилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×