Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 14.01.2016 11:13

Жети-Өгүздүн Чон-Жаргылчак айылында 12 млн сомго курулуп жаткан спорт залы Эгемендүүлүк күнү ишке берилет

Turmush -  Жети-Өгүз районундагы Чоң-Жаргылчак айылынынын мектебине курулуп жаткан спорттук зал 31-август күнү ишке берилет. Бул тууралуу аталган райондун акими Калысбек Жудеев билдирди, деп маалымдайт Turmush басылмасынын кабарчысы.

К.Жудеевдин айтымында, спорт залдын курулушуна Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан 12 млн сом жумшалды. Курулуш иши экинчи жылы бүткөрүлүүдө.

Ал эми мектеп жамааты спорт зал салынып бүтсө кыш айларында спорт менен машыгууга жана дене тарбия сабагын өтүүгө жакшы шарт түзүлөрүн белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×