Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 15.01.2016 12:28

Жети-Өгүздө окуучулар менен ата-энелердин катышуусунда «Бирге окуйбуз» долбоор ийгиликтүү уланууда (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун мектептеринде «Бирге окуйбуз» долбоор ийгиликтүү уланууда.

Turmush басылмасынын кабарчысы маалымдагандай, райондун Жети-Өгүз айылындагы Д.Иманов атындагы орто мектебинде аталган долбоорго башталгыч класстардан 45 окуучу, 15 мугалим жана ата-энелер катышты.

Мектеп директору Айнагүл Кадыркулованын айтымында, окуу лагеринин алкагында окуучулар ата-энелери менен бирге окуп, жомоктогу каармандардын образдарын жаратып, оюн көрсөтүшөт. Кышкы эс алуу учурунда окуучулар менен ата-энелер биргеликте окууга убакыт бөлүп жатат.

Мектептин 2-классынын окуучусу Даниэль Качкынов бул долбоорго чоң апасы менен катышып, жомок окуп, кыргыз бийин бийлеп жаткандыгын айтты.

Аталган долбоор райондун С.Мендибаев атындагы орто мектептебинде да 5 багытта өткөрүлүп, ага 24 окуучу катышты.

С.Мендибаев мектебинин директору Разипа Акунова билдиргендей, окуучулар улуттук кийимдер менен келишип, кыргыз бийлерин бийлешип, сүрөт тартып, ата-энелери жомок окуп беришти.

Алдыда бул долбоорду кеңейтүүнү максат кылуудабыз, деди ал.

IMG-20160114-WA0209

IMG-20160114-WA0205

IMG-20160114-WA0206

IMG-20160114-WA0208

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×