Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 18.01.2016 10:46

Жети-Өгүздүн Дархан айылындагы К.Салиев мектеби оңдолуп, «Манас» залы ачылат (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районундагы Дархан айылында 16-январь күнү К.Салиев атындагы орто мектебинин 40 жылдык мааракеси белгиленди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына мектеп директору С.Иманакунов маалымдады.

Мектеп директорунун айтымында, К.Салиев убагында мамлекеттик кызматтарда катчы, «Кыргыз туусу» гезитинде редактор болуп кызмат өтөгөн. 1976-жылы курулган мектепке 1992-жылы К.Салиевдин ысымы ыйгарылган. Учурда мектепте 700 окуучу билим алып, 67 мугалим эмгектенет.

Директор белгилегендей, мектептин 40 жылдыгын утурлай марафон өткөрүлүп, чет жактарда иштеп жүргөн Дархан айылынын тургундары өз салымдарын кошушту. Марафонго район акиминин орун басары Акылбек Кыйшыев райондук мамлекеттик администрациянын атынан 300 миң сом тапшырды. Марафондон түшкөн каражатка мектептин ички көрүнүшү оңдолуп, «Манас» залы ачылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×