Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 21.01.2016 13:23

Жети-Өгүздүн аскер комиссариатынын жумушчулары альтернативдик кызмат өтөгөндүгү тууралуу мыйзамсыз документтерди берген деп шектелүүдө

Turmush -  Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районундук аскер комиссариатынын жумушчулары кызматтык абалынан кыянат пайдалануу фактысына шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Ведомство билдиргендей, жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чаралардын негизинде аскер комиссариатынын жумушчулары тарабынан «КРнын жарандарынын жалпы аскердик милдеттери, аскердик жана альтернативдик кызмат өтөө» тууралуу мыйзамдарынын бузулгандыгы маалым болгон. Тактап айтканда алар 2009-жылдын 9-февралынан баштап 2014-жылга чейин бир нече жаранга альтернативдик кызмат өтөгөндүгү тууралуу мыйзамсыз документтерди берип келишкен.

Аталган фактыга карата Балыкчы гарнизондук аскер прокуратурасы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 304, 315 жана 348-беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×