Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 22.01.2016 17:57

Жети-Өгүздүн Ак-Дөбө айылында окуучулар арасында мелдеш өттү (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө айыл аймагына караштуу Ак-Дөбө айылынын Жеңиш Орозов атындагы спорт ордосунда окуучулар арасында эстафеталык спорттук иш-чара өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына Ак-Дөбө айыл аймагынын башчысы Ариф Сабырбаев маалымдады.

Иш-чарага Ак-Дөбө айыл аймагына караштуу Тилекмат, Мундуз, Ан-Остон жана Ак-Дөбө айылдарынын окуучулары катышышты. Спорттук иш-чара айыл жаштарын ынтымакка, биримдикке чакыруу максатында өткөрүлүүдө.

Ак-Дөбө айыл аймагынын башчысы А.Сабырбаевдин айтымында, ЮНИСЕФ эл аралык уюму жаштарды спортко жана маданиятка тартуу максатында 44 миң сом акча каражатын бөлүп берген. Анын негизинде бүгүнкүдөй спорт оюндары уюштурулууда. Аны менен катар президент Азмазбек Атамбаев 2016-жылды Тарых жана маданият жылы деп жарыялагандыгына байланыштуу 44 миң сомдун эсебинен жаштар арасында маданий иш-чараларды уюштуруу жагы каралууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×