Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 25.01.2016 15:44

«Кумтөр» кенинде 1 жумушчу каза болду

Turmush -  «Кумтөр Голд Компани» өндүрүштө түн ичинде болгон кырсык тууралуу терең кайгыруу менен билдирет.

Окуя алгачкы талкалоо тилкесинде ишкананын 1 жумушчусунун катышуусунда болгон. Ал тиешелүү иштерди аткарып жатканда кырсык болуп, көз жумган. Окуя тууралуу каза болгон адамдын үй-бүлөсүнө маалымдалып, тиешелүү органдарга билдирилди. Кен казуучу жайга окуяны иликтөө максатында Жети-Өгүз РИИБдин тергөө тобу келди.

Компания окуяны ичтен тергөөгө киришти. Ошондой эле, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын атайын иликтөө комиссиясы түзүлдү. Алар жакынкы арада кен казуучу жайга барып тиешелүү иштерди жүргүзүшөт. Окуянын чоо жайы иликтөөдөн соң маалым болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×