Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 26.01.2016 09:26

«Кумтөрдөгү» жумушчунун өлүмү: Алдын ала маалыматка ылайык, жумушчунун колун аппарат чайнап кеткен

Turmush -  Алдын ала маалыматка ылайык, «Кумтөр» компаниясында каза болгон адамдын колун аппарат чайнап кеткен. Бул тууралуу Turmush басылмасына укук коргоо органдарынан маалым болду.

Жумушчу иш убагында техникалык коопсуздукту сактабагандыктан иштеп жаткан адамдын колу аппаратка кирип кеткен. Натыйжада ал башынан да жаракат алган.

Каза болгон адам Ысык-Көл районуна караштуу Темировка айылынын тургуну болгон.

Буга чейин маалым болгондой, окуя 24-январь күнү түн ичинде кендин алгачкы талкалоо тилкесинде болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×