Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 26.01.2016 11:30

«Кумтөрдөгү» жумушчунун өлүмү: К.Корголдоев лентага илинип калганда анын баш сөөгүнө катуу доо кетип, ийини, колунун териси сыйрылган (толукталды)

Turmush -  Жети-Өгүз РИИБ «Кумтөрдө» каза болгон жумушчу тууралуу кененирээк маалымат берди.

Ведомство билдиргендей, каза болгон адам 10 баланын атасы болгон.

Райондук милициянын маалыматында айтылгандай, 25-январга караган түнү саат 02:35те РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө коопсуздук кызматынын кызматкери Н.Жунушев телефон чалып, К.Корголдоев аттуу кызматкердин каза болгондугун билдирген.

Окуя болгон жерге РИИБдин ыкчам кызматкерлери барган. Натыйжада 24-январдан 25-январга караган түнү «Кумтөр» кениндеги №1 таш талкалоочу жайдан «Конвеер №2» фабрикасынын жанындагы №6 жер төлөдө майда таштарды сыртка чыгарган аппаратка №5 түнкү кезметтин жумушчусу кирип кеткен. Ал Ысык-Көл районундагы Григорьевка айылында жашаган 1959-жылкы Корголдоев Керимбек Жаилович экендиги аныкталды.

Жумушчу желим лентага илинип калып, ошол жерден жан берген.

Корголдоев Керимбек 2007-жылдан бери кен чыгуучу жайдын ар кыл тилкелеринде иштеген. Таш майдалоочу жайда 2012-жылдан бери иштеп жаткан.

Тышкы текшерүүдөн аныкталгандай, жумушчу лентага илинип калганда анын баш сөөгүнө катуу доо кетип, чачтары жулунуп кеткен. Оң колунан дагы катуу жаракат алган. Ийин булчуңдары жана колунун териси сыйрылып кеткен. Ошондой эле бетинен катуу жаракат алган.

Денесинин башка жерлери жабыркаган эмес.

Каза болгон жумушчунун денеси өлүкканага жеткирилип, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Топтолгон материалдар Жети-Өгүз РИИБде 50-номур менен катталды. РИИБден белгилешкендей, окуянын кырдаалы милициянын көзөмөлүндө болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×