Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 01.02.2016 12:59

Жети-өгүздүк 43 жаштагы аял баңги зат менен кармалды (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунан 43 жаштагы аял баңги заты менен кармалды. Баңги заттарга көзөмөл жүргүзүү боюнча мамлекеттик кызматтын басма сөз кызматы билдиргендей, 30-январда жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чаралары менен Жети-Өгүз районунун Кичи-Жаргылчак айылынын 1973-жылы туулган жашоочусу И.И. кармалып, 72 гр салмактагы баңги зат табылган. Тиешелүү экпертиза заттын гашиш экенин аныктады.

Баңги заттарга көзөмөл жүргүзүү боюнча мамлекеттик кызмат шектүүнүн башка кылмыш иштерге катыштыгын текшерип жатат.

Тиешелүү берене менен кылмыш иши козголуп, И.И. камакка алынды. Иликтөөлөр уланууда.

1

 

2

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×