Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 03.02.2016 11:10

«Элдик уламыштар»: Жети-Өгүздөгү Тосор, Тамга айылдарынын аталышы кыргыз-калмак чабышына байланыштуу (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Тосор, Тамга айылдары кыргыз-калмак чабышына байланыштуу аталып калган тарыхый аталыштар.

Turmush басылмасынын кабарчысы айылдардын тарыхы туурасында сурамжылоо жүргүзүп келди.

Райондун борборунан 55 чакырым алыстыктагы Тосор айылы күн батышта жайгашкан. Айыл тургундарынын айтымында, Тосор, Тамга айылдарынын жашоочулары XVII кылымдын аягы- XVIII кылымдын башында кыргыз-калмак чабышында Тосор айылынан кол салган калмактарды тосуп, салгылашышкан. Ал кезде бул аймакта чакан чеп болгондуктан айылдын аты Тосор аталган.

Ал эми Тамга айылында мал-жандыктарга эн басылып, айылдын аталышы Тамга болуп калган. Айыл тургундарынын басымдуу бөлүгү ушул уламыштарды айтышат.

Кесиби боюнча тарыхчы болгон айыл аймак башчысы Кычан Койчуманов бул уламыштар эл оозунда бекеринен айтылбаганын ырастайт. Анын айтымында, айылга 1921-1925-жылдары үйлөр курула баштаган. Азыркы тапта Тосор айылында 2500, Тамга айылында 3500, жалпысынан 6 миң адам жашайт. Айыл аймагында 10го жакын улуттун өкүлдөрү жашагандыктан көп улуттуу айылдардын бири болуп саналат.

Тосор айылынан кыргыз эл сүрөтчүсү Шакен Мамбетаипова, кыргыз эл акыны Омор Султанов өңдүү бир катар белгилүү адамдар чыккан. Учурда айылдарда туризмди өнүктүрүү багытында иштер жүрүүдө.

2015-жылы Тамга айыл аймагы биоорганикалык аймакка кирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×