Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 03.02.2016 12:19

Жети-Өгүздүн Караколка айылында туризмди өнүктүрүү максатында конок үйлөр курулат (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Караколка айылында туризмди өнүктүрүү үчүн конок үйлөр курулат. Бул туурасында Turmush басылмасынын кабарчысына аталган айылдын башчысы Уларбек Жамангулов маалымдады.

Алыскы сырт өрөөнү Барскоон айылынан 100 чакырым алыстыкта жайгашкан. Кышы суук, жайы салкын айылда 1947-жылы алгачкы үйлөр курулган. Тургундардын айтымында, жайкысын бул жакка келген эс алуучулар арбын. Ошол себептен туризмди өнүктүрүү үчүн конок үйлөрдү куруу пландалган. Бул жакта жашаган жашоочулардын бардыгы жаз алды менен заман талабына ылайык үйлөрдү курууга белсенишүүдө.

Айыл башчысы Уларбек Жамангулов: «Конок үйлөрдү куруу менен туризмди өнүктүрүп, айыл турмушун жакшыртууга болот», - деп кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×