Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 06.02.2016 11:54

Жети-Өгүздө биринчи жолу өспүрүмдөр арасында хоккей боюнча мелдеш өттү

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айылында биринчи жолу хоккей боюнча мелдеш өттү.

Жергиликтүү тургундар Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, мелдешке Ысык-Көл облусунун район, айылдарындагы өспүрүмдөр арасында түзүлгөн 12 команда катышты.

Жыйынтыгында Түп районунан келген жаш хоккейчилердин курама командасы 1-орунга ээ болсо, Жети-Өгүз районуна караштуу Светлая Поляна айылынын командасы 2-орунду жана Кызыл-Суу айылынын командасы 3-орунду алышты.

Жеӊүүчүлөргө облустук, райондук спорт комитеттери тарабынан медалдар, грамоталар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Ошондой эле демөөрчүлөр тарабынан Светлая Поляна айылынын 2 командасына хоккей ойноого арналган спорттук кийимдер белекке берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×