Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 16.02.2016 14:16

Жети-Өгүздүн Жон-Булак айылында жаңы окуу жылында 30 млн сомго курулган жаңы мектеп пайдаланууга берилет (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Жон-Булак айылындагы мектеп жаңы окуу жылында ишке берилет. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймакты кабарчысына мектеп директору Авазбек Асылбеков маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, аталган айылдагы мектеп 1968-жылы курулгандыктан анын эскилиги жетип, кооптуу абалга кептелген.

Мындан улам «Ысык-Көлдү туруктуу өнүктүрүү» фонду тарабынан 225 орундуу мектептин курулушу башталган.

«Мектептин курулуш долбоорунун жалпы наркы 30 млн сомду түзүп, учурда курулуш иштери аяктоо алдында турат. Жаңы окуу жылында пайдаланууга берүүнү пландап жатабыз. Ал эми мектепке жакын жерге курулуп жаткан спорт залынын курулушу 3 жылдан бери бүтпөй келет. Республикалык бюджеттен каржыланган бул объект салынып бүтсө айыл эли үчүн, өзгөчө жаштар үчүн ден соолукту чыңдоо багытында жакшы шарттар түзүлмөк», - деди А.Асылбеков.

IMG-20160215-WA0375

IMG-20160215-WA0374

IMG-20160215-WA0373

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×