Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 19.02.2016 09:01

Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 10 өрт кырсыктары катталды

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 10 өрт кырсыктары катталып, аларды өчүрүүгө 11 өрт өчүрүү бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 19-февралда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылынын Садовая көчөсүндөгү №58 даректе жайгашкан үйдөн өрт чыкты.

К.Абышкаевге таандык үй толугу менен өрттөндү. Өрт учурунда үй мүлкү, очоккана, гараж, 1,5 тонна арпа, 2 тонна буудай, 7 эшик, 6 терезе күйгөн.

Электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу өрткө себеп болгон, деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×