Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 01.03.2016 08:51

Жети-Өгүздүн 41 жаштагы тургуну мал сарайга каткан марихуана менен кармалды

Turmush -  Жети-Өгүз районундагы мал сарайда жыйылган чөптүн арасынан 300 грамм марихуана заты табылды. Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, милиция кызматкерлери маалымат түшкөндөн кийин текшерүү иштерин жүргүзгөн.

Райондун Конкино айылынын 1975-жылы туулган тургуну Н.К. үйүндө баңги зат сактап жүргөнү белгилүү болуп, ал жашаган үйдөгү мал сарайдан марихуана чыккан.

Кармалган жаран мурда сот жоопкерчилигине тартылган эмес. Иликтөөлөр уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×