Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 01.03.2016 09:10

Унаасынан 48 миң сом уурдаткан жети-өгүздүк тургун ууруларды издөө үчүн арыз жазуудан баш тартты

Turmush -  Жети-Өгүздө унаага кол салган белгисиз бирөөлөр 48 миң сомду уурдап кетишти. Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, 28-февралда милиция кызматкерлерине кайрылган Ак-Дөбө айылынын 46 жаштагы тургуну Т.Асанбаев «Ниссан» унаасын Кравцов менен К.Карасаев көчөлөрүнүн кесилишинде токтоткон жеринен тонолгонун билдирген.

Кол салгандар унаанын арткы терезесинин айнегин сындырып, салондогу 48 миң сомду алып кетишкен.

Бул факт боюнча иликтөөлөр башталып, бирок белгисиз бирөөлөрдөн жабыркаган Т.Асанбаев арыз жазуудан баш тартты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×