Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 03.03.2016 14:03

Элеттик мугалим М.Баканчиева окуучуларына үй-бүлө баалуулугун да үйрөтөт

Turmush -  Жети-Өгүздө 20 жылдан бери мугалим болуп иштеген Майрам Баканчиева ар дайым окуучуларга тарбия башаты — үй-бүлө экенин белгилейт. Ал бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы менен болгон маегинде билдирди.

Майрам Баканчиева 20 жылдан бери Тосор айылындагы орто мектепте кыргыз тилчи мугалим болуп эмгектенет. 44 жаштагы элеттик мугалим Кыргыз улуттук универсетинин филология факультетин ийгиликтүү аяктагандан кийин Тосорго келген.  Ал 3 баланын энеси.

Предметтик сабактардан сырткары тарбия, адептүүлүк туурасында ачык сабак өтүп, окуучуларын тарбияга үндөйт. Ата-энелер да, окуучулар да анын тарбиялык сабактары үчүн ыраазы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×