Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 04.03.2016 08:44

Жети-Өгүз районунда эшек уурдаган адамдар аныкталды, - РИИБ

Turmush -  Жети-Өгүз районунда эшектер уурдалууда. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына РИИБдин башчысынын орун басары К.Кендирбаев билдирди.

Анын айтымында, Кызыл-Суу айылынын Н.У. аттуу тургуну 8-февралда түнкүсүн белгисиз адамдар анын короосунан эки баш эшегин уурдап кеткендигин айтып, РИИБге кайрылган. Келтирилген чыгым 6 миң сомду түзгөн. Ал эми 11-февралда Кызыл-Суу айылынан дагы 3 эшек уурдалганы боюнча РИИБге арыз келип түшкөн.

К.Кендирбаев эшек уурдаган адамдар Светлая-Поляна айылынын тургундары экендиги аныкталганын белгиледи. Учурда бул боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×