Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 07.03.2016 11:44

Фото - Жети-Өгүздө өткөн «Сармерден» сынагы кыз узатуу жөрөлгөсү менен коштолду

Turmush -  Жети-Өгүз районунда 8-март — Аялдардын эл аралык күнүнө карата «Сармерден» сынагы өткөрүлдү, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Сынак Тосор орто мектебинин окуучулары тарабынан уюштурулду. Иш-чаранын жүрүшүндө жогорку класстын окуучулары тарабынан кыз узатуу жөрөлгөсү көрсөтүлдү.

Мектеп директору Индира Баратова мындай сынак быйылкы Тарых жана маданият жылына карата өткөрүлүп жаткандыгын белгиледи. Сынакта кыздар жана жигиттер жаңылмач, акыйнек айтышып, соңунда кыздар ыр, бийлерин тартуулашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×