Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 09.03.2016 14:01

Жети-Өгүздүн Тосор айылындагы мектеп балдары менен бирге окуган ата-энелерге төш белгилерди ыйгарды (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Тосор айылындагы орто мектепте «Бирге окуйбуз» долбоорунун окуучуларына ачык сабак өткөрүлдү.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына маалым болгондой, аталган мектепте жалпысынан 196 бала билим алат. Анын ичинен 25 бала 40 сааттык программа менен «Бирге окуйбуз» долбоорунун алкагында кошумча билим алууда.

Мектеп мугалими Айнагүл Эшимова окуучулар бул долбоорго өзгөчө кызыгуу артып, ата-энелери менен биргеликте түрдүү чыгармаларды, жомокторду окуп жаткандыгын маалымдады.

«Бирге окуйбуз» долбоорунун алкагында өткөн ачык сабакка окуучулар менен биргеликте ата-энелер да катышты. Ошондой эле балдар жомоктогу каармандардын образын театрлаштырып аткарып берди.

Учурда бул долбоордун алкагында 4 мугалим эмгектенип жатат. Ачык сабактын соңунда окуучулар менен ата-энелерге колго жасалган төш белгилер ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×