Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 09.03.2016 15:06

Ысык-Көл ОИИБи Сирияга чыгып кеткен жаш үй-бүлө тууралуу маалыматты тастыктаган жок

Turmush -  Ысык-Көл облусунун ИИБи Сирияга чыгып кеткен жаш үй-бүлө тууралуу маалыматты тастыктаган жок. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы Ысык-Көл ОИИБдин 10-бөлүмүнө шилтеме берүү менен билдирди.

Бөлүмдүн башчысы Арсен Самаевдин айтымында, жаш үй-бүлө Түркияга кеткендиги боюнча маалымат бар.

«Жети-Өгүз районунун Дархан айылынын жашоочулары Түркияга кетишкен, алар 2014-жылы Стамбулга учуп, «Сабихи Гёкчен» аэропортуна конушкан. Ж.Арсланбектин үй-бүлөсү согуштук иш-аракеттерге катышкандыгы боюнча маалымат жок», - деди ал.

Ж.Арсланбек үй-бүлөсү менен кеткенден кийин анын атасы менен кайнатасы дүйнөдөн кайтканын апасы кошумчалады.

«Балам 2014-жылга чейин Россияда 3 жыл иштеген. Андан кийин мекенине келген. Бир нече убакыттан кийин аялы менен Анталияга кетти. Өзү билдиргендей, аны Түркиядагы досу чакырган. Алар Анталиядагы кафелердин биринде иштемек. Арсланбектин атасы өткөн жылдын февраль айында каза болду. Анын кайнатасынын да көзү өттү. Алар келишкен жок. Алар менен байланыша алган жокпуз», - деди Арсланбектин апасы И.Ж.

Белгилүү болгондой, жаш үй-бүлө акыркы жолу Түркиядан байланышкан. Бир туугандары жана кошуналары жаш үй-бүлөнү эки баласын тарбиялаган үлгүлүү үй-бүлө катары билишет. Арсланбектин апасы кайгыдан улам ден соолугу начарлап жаткандыгын белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×