Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 10.03.2016 08:27

Жети-Өгүздүн Саруу айылындагы үйдөн түстүү сыналгы жана 15 кап картошка уурдалды

Turmush -  Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунда үй буюмдары уурдалды, деп маалымдалды Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына РИИБден.

Берилген маалыматка ылайык, Кызыл-Суу айылынын Пионер көчөсүндөгү үйгө ээсинин жоктугунан пайдаланып терезеден кирген белгисиз адамдар ноутбук жана күмүш зер буюмдарын уурдап кеткен.

«Февраль айында катталган бул кылмыштан келтирилген чыгымдын суммасы 22 миң сомду түздү. Ушундай эле кылмыш Саруу айылында да катталып, эшикти сындыргандар түстүү сыналгы жана жертөлөдөн 15 кап картошка уурдап кетишкен. Учурда бул боюнча РИИБ тарабынан иликтөө иштери жүрүп жатат», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×