Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 10.03.2016 12:52

Жети-Өгүздө көк бөрү мелдеши өттү (фото)

Turmush -  Тарых жана маданият жылына карата Жети-Өгүздө көк бөрү мелдеши өткөрүлдү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына уюштуруучулар маалымдады.

Ак-Дөбө айыл аймагынын жаштар уюмунун координатору Майрамбек Алиев оюнга айыл өкмөт тарабынан каражат бөлүнгөндүгүн билдирди. 10 жылдан бери көк бөрү мелдешине катышып келе жаткан Митхун Эскожоев айылдагы «Ынтымак» тайпасын жетектейт. Команданын 12 мүчөсү бар. Алар бир катар мелдештерде алдыңкы орундарды багынтышкан.

Бул жолу 8 тайпа катышты. Оюн жогорку деңгээлде өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылды.

1

2

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×