Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 16.03.2016 11:28

Ысык-Көлдүн тургуну чала таанышынын 175 миң сомдук унаасын алып кеткен боюнча дайынсыз

Turmush -  Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун тургуну чала таанышынын ишеничине кирип, 175 миң сомдук унаасын алып кеткен боюнча дайынсыз.

Милициянын маалыматында айтылгандай, өткөн жылдын сентябрь айынан бери Ак-Кочкор айылынын 27 жаштагы тургуну М.А. алган унаасынын акчасын ээсине кайтарбай жүрөт. Сатып алуучу М.А. менен сатуучу У.И. «Ауди-100» үлгүсүндөгү унааны өз ара 175 миң сомго баалаган.

Ошол күнү М.А. унааны айдап кетип, ушул убакытка чейин акчасын бере элек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×