Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 11.04.2016 09:21

Жети-Өгүздөгү окуучулар Орусиядан акысыз жогору билим алууга карата тестирлөөдөн өтүштү (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районундагы бүтүрүүчүлөр Орусиядан жогорку билим алууга мүмкүнчүлүк берүүчү тестирлөөдөн өтүштү, деп билдирет Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы. Маалыматка ылайык, Чыгыш федералдык университети бюджеттик орунга абитуриенттерди кабыл алуу үчүн жыл сайын тестирлөө өткөрүшөт.

Аталган окуу жайдын Кыргызстандагы өкүлү Алмазбек Шаршебаевдин айтымында, өткөн жылы Ысык-Көл облусунан 58 окуучу тестирлөөдөн өткөн. Анын 18и Жети-Өгүз районундагы мектептердин окуучулары.

Учурда Сибирь федералдык окуу жайында Кыргызстандын 268 студенти билим алат. Студенттер 3 миң рублдан 30 миң рублга чейин стипендия менен камсыздалган.

Бул жолу Жети-Өгүз, Тоң, Түп райондорунан, Каракол, Балыкчы шаарларындагы мектептерден 500гө жакын окуучу 6 сабак боюнча тестирлөөдөн өтүштү.

Аталган окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнүн ассоциациясынын жетекчиси Жыргалбек Усупбаев тестирлөөнүн жыйынтыгы май айында чыгарыларын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×