Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 12.04.2016 09:31

Жети-Өгүздүн Дархан айылындагы короодон трактор менен жүк ташуучу унаа өрттөндү

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Дархан айылындагы Намбаев көчөсүнүн №16 дарегинде жайгашкан короодон өрт чыгып, унаалар кошо өрттөндү.

Бүгүн, 12-апрелде ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, өрт учурунда жыгач устундуу шифер жабылган 40 чарчы метр чөпкана, 60 түк чөп, трактордун тетиктери, «Мерседес-614» жүк ташуучу унаанын кыймылдаткыч отсеги, кабинасы, 2 алдыңкы дөңгөлөктөрү күйгөн.

Учурда өрттүн себеби такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×