Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 20.09.2017 08:35

Айыл турмушу: Ысык-көлдүк ата-бала баасы 1 миң доллардан ашкан жааларды жасайт (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Жаркынбаев айылында жашаган Байзаковдордун үй-бүлөсү баасы 1 миң долларга жеткен жааларды жасайт. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы жаачылардын иши менен таанышты.

Үй-бүлөнүн башчысы Батталгазы Байзаков скульптор кесибине ээ болгон. Ал бара-бара жаа жасоо менен алектенип калгандыгын белгиледи.

«8 жыл мурда жаа жасоону үйрөнгүм келип, бул иш боюнча маалымат топтой баштадым. Интернеттен көп видеолорду көрдүм. Азыр бул иш менен уулум Азамат да алектенет. Балам Биринчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жаа атуу боюнча 1-орунду ээлеген», - деди ал.

Байзаковдордун үй-бүлөсү жааларды чет элдик сатып алуучулар үчүн да жасашат.

«1 жаа 1200 сомдон жогору турат. Жаа атууну сүйүүчүлөр үчүн жасалган жаалар арзаныраак. Жаалар аркардын мүйүзүнөн жасалат. Андайлар 1 миң доллардан жогору бааланат», - деди уста.

Ата-бала кышында 8 жаа жасап, экөөнү чет элдиктерге сатышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×