Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 17.05.2016 13:18

Элдик уламыш: XVI кылымда калмактардын аскер башчысы менен сүйлөшүү жүргүзүлгөн Оргочор айылы (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районундагы Оргочор айылынын аталышы жөнүндөгү уламышты аймактык кабарчыга айылдагы музейдин кызматкери Жаналы Акматов айтып берди.

«Кыргыздар XVI кылымда калмак баскынчыларынан жерин бошотуп алуу үчүн кайтып келе баштаган жылдары коңурат уурусунан чыккан Бөрү баатыр ушул аймакка келет. Ошондо бул аймакта калмак аскерлеринин башчысы Орго деген киши менен сүйлөшүү жүргүзөт. Сүйлөшүүгө Орго өзүнүн иниси Чорду эрчите келген. Ошондой улам бул аймак Оргочор деп аталып калган деген уламыш айтылат», - деди ал.

Бул айылдын аталышы боюнча дагы бир уламыш айтылып келет.

«Оргочор айылында бир кезде кардуу хан жашаптыр. Ал өзүнө каршы чыккан баатырлардын көзүн тазалап турат. Хан элдин талабын колдогон баатырлардын бирин тоонун чокусуна ор каздырып салдырып коет. Тоодо жыландар көп болгондуктан аны куткарууга эч ким бара албайт.

Күндөрдүн биринде койчу койлорун айдап ошол жактан өтөт. Койлор көп болгондуктан алардын туяктарынын дүбүртүнөн корккон жыландар ийиндерине качып кирет. Койчу барып, баатырды ордон чыгарат. Ошентин бирөөнүн малын жалданып баккан чор таман койчу ордо жаткан баатырды куткарып, орго барган чор деп аталып жүрүп, айыл дагы Оргочор аталып калган», - деди Акматов.

Айыл тургундарынын айтымында, моңгол тилинен которгондо «оргочор» сөзү «дөбө-булак» дегенди билдирет. Моңголдор келгенде айылдагы дөбөдөн суу ичип, андан улам Дөбө-Булак деп атап коюшкан дешет.

Учурда айылда 4 миңге жакын адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×