Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 13.04.2016 15:39

Жети-Өгүздүн тургуну 2 жыл мурун Якутияга кеткен боюнча дайынсыз жоголгон уулун табууга жардам сурайт

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын 35 жаштагы тургуну 2 жыл мурун Якутияга эмгектенүү үчүн кеткен боюнча дайынсыз.

Саруу айылынын 1958-жылы туулган тургуну К.Өмүрзак милицияга билдиргендей, 2014-жылы күзүндө анын уулу Ильичбекти Сабира аттуу таанышы Россия аркылуу алып кеткен.

«2014-жылдын күз айында уулумду Кызыл-Туу айылынын Сабира аттуу тургуну Якутияга чакырып кеткен. Бүгүнкү күнгө чейин уулумдан кабар жок», - деди ал.

Ал уулун табууга жардам сурайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×