Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 14.04.2016 15:50

Жети-Өгүздүн Дархан айылында 79 жыл мурун курулган мектептин имараты кийинки жылы жаңыланат (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Дархан айылындагы Абылай Сатылганов атындагы орто мектебинин имараты тууралуу ӨКМ мындан 2 жыл мурун эле пайдаланууга кооптуу деген бүтүм чыгарган. Буга карабастан жаңы мектеп куруу иши кийинки жылга калтырылды, деп маалымдады аталган мектептин жамааты Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына.

Мугалимдердин маалыматында айтылгандай, бул мектеп мындан 79 жыл мурун ашар аркылуу өтө жапыз пайдубал менен 630 орунга ылайыкталып курулган.

«Биз бул жылы 100 мектеп куруу планына киргенге даярданып, чуркадык. Бирок курулуш иштери 2017-жылга калды. Айылда дагы бир мектеп бар, учурда балдар ошол мектепте окуп жатат. Бирок бөлмөлөр жетишсиз болгондуктан кошумча сабактарды, ийримдерди өткөрө албай жатабыз. Бул боюнча ЖКнын депутаттарына, облус жетекчилерине, райондогу жетекчилерге да кайрылдык»,- дешти мугалимдер жамааты.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×