Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 21.04.2016 16:17

Жети-Өгүздө маданият күндөрү өтүп жатат (фото)

Turmush -  Жети-Өгүздө маданият күндөрү өтүп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына айыл өкмөт башчысы Жыргалбек Молдакунов маалымдады.

Саамалыкты баштаган Жаргылчак айыл аймагынын эли өзгөчө даярдык көрүшкөн. Элеттик кол өнөрчүлөр тиккен жууркан-төшөктөр, кийизден жасалган белектер жана көчмөн элдин үй шартында керектелүүчү буюмдар көрсөтүлдү.

Калыстар тобунун айтымында, маданий иш-чарадан сырткары айылдын тазалыгына, көркүнө да көңүл бурулат. 31-август Эгемендүүлүк күнүндө иш-чаранын жыйынтыгы чыгырылып, «Мыкты айыл», «Мыкты көчө», «Алдынкы китепканачы» номинациялары тапшырылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×