Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 22.04.2016 12:42

Элдик уламыш: Жети-Өгүздүн Липенка айылы орустун өзгөчө сулуу, назик кызынын урматынан аталган (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районуна караштуу Липенка айылы Ысык-Көл көлүнүн түштүк жээгинде жайгашкан. Айыл 1800-жылдары негизделип, учурда 986 түтүндө 4870 калк жашайт, деп билдирди Липенка айыл аймагынын башчысы Болот Сулайманов.

Анын айтымында, райондогу айыл аймактардын арасынан көлмөлөрдүн саны боюнча эң алдыда Липенка айыл аймагы турат. Айыл аймакта жалпысынан 21 көлмө болсо, анын барын тургундар балык өстүрүү үчүн ижарага алган.

Мындан тышкары жергиликтүүлөр дыйканчылык менен алектенет. Айылдагы 4700 гектар жерге буудай, арпа, картошка өстүрүлөт.

«Биздин айыл көп улуттуулугу менен башкалардан өзгөчөлөнүп турат. Анткени Липенкада 17 улуттун өкүлдөрү жашайт. Биздин айылдан СCCРдин баатыры Пасько Евдокия Борисовна чыккан. Учурда ал 90 жаштан ашты, Россияда жашайт», - деди айыл өкмөт башчысы.

Пасько Евдокия

index

Ошондой эле ал айылдын аталышы 1800-жылдары айылда жашаган Липа аттуу орус кызга байланыштуу экенин белгиледи.

«Бир кезде бул айылдагы калктын 80%ын орус улутундагы жашоочулар түзгөн. Кийинчерээк алар Россияга жана өлкөнүн башка шаарларына көчүп кете баштады. Азыр жашоочулардын 25%ын орустар түзөт. Айыл жаңы негизделген жылдары бул жерде бир орус көпөсү жашаган экен. Анын Липа аттуу ашкан сулуу кызы болгон дешет. Липа бойго жеткен кезде анын незиктиги, ажары айылдыктардын барын суктандырган. Мындан улам айыл эли айылды ошол сулуунун атынан Липенка деп атап калган», - деди Б.Сулайманов.

Бирок айыл башчы Тарых жана маданият жылына карата айылдын аталышын өзгөртүү пландалып жатканын билдирди.

«Айылга өзүнүн Ак-Чий деген эски атын кайрадан берүүнү пландап жатабыз. Бирок бул чечимди албетте айыл тургундары менен кеңешип, мында жашаган орус улутундагы жашоочулардын макулдугунан кийин кабыл алабыз», - деп кошумчалады айыл аймак башчысы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×