Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 22.04.2016 14:35

Жети-Өгүздө 80 жаштагы чоң энелер мектеп окуучуларына сабак өтүүдө (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Желе-Дөбө айылындагы Б.Исмаилов атындагы орто мектептин башталгыч класстарынын окуучуларына 80 жаштагы чоң энелер жомок окуп берүүдө. Бул тууралуу мектеп жамааты Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына маалымдады.

Мындай иш-аракеттер бала менен ата-энелердин, мугалимдердин мамилесин бекемдөө максатында уюштурулууда.

Учурда чоң энелер балдарга кыргыз эл жомокторун окуп берүү менен биргеликте аларды кызыктырган суроолорго жооп берүүдө. Ошондой эле жомок сааты кызыктуу оюндар менен коштолууда.

«Окуучулардын билим алуусуна ата-энелердин таасири чоң. Баланын окуудагы ийгиликтери менен жетишпегендиктерине кызыгып, сурап турган ата-энелердин балдары дароо байкалат. Ата-энелер менен балдардын бирге окуусун 1 жумада бир жолу өткөрүп турабыз. Анда кызыктуу оюндар, ырларды көркөм окуу, макал айтуу боюнча сынактар өтөт. Жеңүүчүлөргө белектер ыйгарылгандыктан окуучулар бул күндү чыдамсыздык менен күтөт», - деди мектеп директору А.Абдыкеримова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×