Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 30.04.2016 13:09

Элдик уламыш: Жети-Өгүздүн Кабак айылы жерин коргогон Кабак баатырдын ысымынан коюлган (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кабак айылы Кабак баатырдын атынан аталган. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы аталган айылга барып, айыл аксакалдарынан маалымат топтоду.

Кабактык аксакалдар айылдын аталышы жана Кабак баатыр тууралуу эмгек ардагери Калканбай Эсеналиевдин «Кабак баатырдын балдары» аттуу китебинде жазылганын билдирди.

Ардагердин изилдөөсүндө, Кабак баатыр 1700-1705-жылдары төрөлгөн. Бирок анын каза болгон жылы белгисиз, сөөгү Барскоон капчыгайына коюлган

«Кабак баатыр төрөлгөндө эле шилисинен баштап бел курчоосуна чейин жаш кулундун жалындай болгон жалы болгон. Ошондон айыл эли жигиттин бири Шаймерден колдогон касиеттүү баатыр деп билишкен. Кабак баатырдын аялы мүйүздүү Бугу эненин сиңдилери болгону айтылат. Кабак атадан Калча,Түгөлбай,Түшөбай, Кемел аттуу уулдар тараган. Учурда андан тараган 500 түтүнгө жакын адам жашайт», - деп жазылат китепте.

Ал эми аксакалдардан кабарчыга маалымдалгандай, айылдан мамлекеттик денгээлдеги белгилүү инсандар чыккан.

Алар: Муканбет Исаев, Жумгалбек Аманбаев, Салый Эшенова, Ракыйма Асанбаева жана башкалар.

Белгилүү коомдук жана саясий ишмер Жумгалбек Аманбаевдин ысымын алган мектеп айылда жайгашкан. Мектепте 300дөн ашуун окуучу билим алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×