Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 19.05.2016 09:12

Жети-Өгүздүн Тосор айылынын тургундары «Сармерденде» мелдешти (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Тосор айылынын тургундары «Сармерден» сынагын өткөрүштү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Тосор айылында 700гө жакын адам жашайт. Айыл эли көчөлөргө бөлүнүп, сынакка катышууда. Бул ирет К.Орозбаков жана А.Сулайманов көчөлөрүнүн тургундары «Сармерденде» мелдешке түштү.

Иш-чараны айылдык кеңештин депутаты Азамат Букаров, жергиликтүү эл өкүлдөрү, аялдар кеңешинин төрайымы менен бирге уюштуруп, эл ичиндеги таланттар өз өнөрлөрүн тартуулады.

Айыл тургундары улуттук кийимдерди кийип, ырдап, бийлеп, макал-лакап, жаңылмачтарды айтып, көпчүлүктүн купулуна толду. Эми бул мелдеш башка көчөлөрдө уланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×