Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 24.05.2016 11:32

Жети-Өгүздө 5-класстагы кыз эс алууга барган жеринен сууга агып кетти

Turmush -  21-майда «Жети-Өгүз» курортунда өспүрүм кыз сууга агып каза болду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык 21-майда саат 16:00 чамасында болгон. Ошол күнү эртең менен Кызыл-Суу айылындагы Садырбек Абдрахманов атындагы орто мектебинин 5-классынын 13 окуучусу класс жетекчиси менен биргелекте «Жети-Өгүз» курортуна эс алууга барышкан. Окуучулар суунун жанында топ ойноп жатканда топ сууга түшүп кеткен. Топту алууга кыздардын бири А.Р. барган. Ал суу жегине барган кезде тайып жыгылып, сууга агып кеткен.

Кыздын денеси курорттун кире беришинде жайгашкан көпүрөнүн ылдый жагынан табылып, биринчи тез жардам көрсөтүлгөн. Бирок, эсине келбей ошол жерден каза болгон.

Каза болгон кыздын денеси райондук сөөк сактоочу жайга киргизилип, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×