Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 07.06.2016 10:03

Айыл турмушу: Жети-өгүздүк ишкер пескоблок чыгаруучу ишкана ачып, жумуш орундарын түздү (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районуна караштуу Липенка айылынын тургуну Санжарбек Мурадылов 5 айылдашын жумуш менен камсыз кылды.

С.Мурадылов Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, ал өткөн жылы айыл аймак менен кеңешип, пескоблок чыгаруучу «Кой-Сары» техникалык сервисин уюштурган. Анда курулуш материалдарын даярдоо иштери дагы жүргүзүлөт.

Ишкананын карамагында айыл чарба техникалары да бар. Алар аркылуу айыл тургуну күз, жаз айларында талаа иштеринде кызмат көрсөтөт.

«Пескоблок чыгаруу үчүн чийки затты айылдан алам. Жаз айларында тургундардан буюртмалар көп түшөт. Азыркы кезде күн сайын 500дөн ашык пескоблок чыгарып жатабыз», - дейт элеттик ишкер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×