Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 09.06.2016 13:37

Айыл турмушу: Жон-булактыктар Үркүндө Кытайда тигилген куржунду азыр да пайдаланышат (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Жон-Булак айылынын тургуну Жума атанын урпактары Үркүндө Кытайдан тигилген куржунду сактап келет. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айылдын китепканачысы Шайыр Калдиева билдирди.

Анын айтымында, Жума ата Үркүн маалында Кытайда согулган куржунду алып келген. Аны уулдарына мурас катары калтырган. Укумдан тукумга өткөн бул куржунду учурда атанын чөбөрө келини Токтокан Оркоманова сактап келет.

Куржунду Бишкек шаарындагы музейлердин бирине сатып алуу үчүн сурашкан. Бирок, Жума атанын урпактары аны саткан эмес.

«Килем куржунду айылда той болгондо сурап, кешик салуу салтка айланган. Аны менен ал жаш жубайларга жакшылык, бала алып келсин деп ырым кылабыз. Ал куржун Жума атанын балдарына гана эмес айылга кызмат кылып жатат. Куржун айыл эли үчүн чоң табылга», - дешет элеттиктер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×