Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 10.06.2016 12:48

Айыл турмушу: Жети-Өгүздүн 70 жаштагы тургуну С.Асылбекова 126 жыл мурунку самоорду пайдаланып келет (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Барскоон айылынын 70 жаштагы тургуну Сүйүмкан Асылбекова 126 жыл мурдакы жез самоорду сактап келет.

С.Асылбекова Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегиндей, бул самоор ага чоң аталарынан калган. Самоор 1890-жылга таандык. Ал ата-бабадан мураска өтүп отуруп, 4 муундан бери пайдаланылат. Эми аны Сүйүмкан апа балдарына мурас катары калтырууну максат кылууда.

«Самоор жезден жасалган. Сыйлуу адамдар, кудалар конокко келгенде андан чай беребиз. Мурда от менен иштесе, азыр заман талабына ылайыктап, электр энергиясы менен иштегидей кылып жасап койгонбуз. Келиндериме дайыма самоорду силер дагы мурас кылып балдарыңарга бергиле деп айтам», - дейт Сүйүмкан Асылбекова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×