Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 13.06.2016 12:44

Айыл турмушу: Оргочор айылында ачылган тигүү цех алгачкы товарларын сатыкка чыгарды (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Оргочор айылында жууркан, төшөк жасаган цех алгачкы товарларын сатыкка чыгарды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга ишканада иштегендер маалымдады.

Анда иштеген айымдардын бири Кымка Сүйүмбаеванын айтымында, цехте учурда 6 айым иштеп жатат. Азыр жаздык, жууркандар жасалып, сатыкка чыгарылды. Аларды көбүнчө кызга сеп берген тургундар алууда.

«Жууркан төшөктөн сырткары унааларга ылайыктуу төшөктөрдү жасап жатабыз», - деди ал.

Цехти ачууга «Ысык-Көлдү өнүктүрүү» фондунан 200 миң сом, Оргочор айыл өкмөтүнөн 100 миң сом жана долбоор аркылуу 304 миң сом берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×