Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 14.06.2016 11:25

Жети-Өгүздүн 47 жаштагы тургуну айылдашын бычактады

Turmush -  Кечээ, 13-июнда болжол менен саат 09:30 чамасында Жети-Өгүз РИИБдин нөөмөт бөлүмчөсүнө райондук оорукананын хирургия бөлүмүнөн 52 жаштагы И.Сейитбек төшүнөн бычак менен жаракат алып түшкөндүгү жөнүндө кабар берилген.

Аталган кабарды алган Ысык-Көл облусу боюнча патрулдук милициянын кенже инспектору С.Үсөнбаев өзүнүн экипажы менен кылмышка шектүү адамды издөөгө чыгып, кылмышка шектүү катары жабырлануучунун айылдашы, мурда соттолбогон 47 жаштагы К.Канат кармалды. Андан далил зат катары маки алынды, деп билдирди ОИИБдин басма сөз кызматы.

Бул факты боюнча чогулган материалдар Жети-Өгүз РИИБдин тергөө кызматына юридикалык баа берүүгө жиберилди.
Жабырлануучу Саруу айылынын тургуну.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×