Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 22.06.2016 13:46

Айыл турмушу: Жети-Өгүздөгү музейде дунган эли илгери колдонгон манты казан сакталган (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Ырдык айылындагы музейде дунган эли 1940-жылга чейин колдонгон манты казан сакталган, дешет жергиликтүүлөр.

Алардын айтымында, манты казан жыгачтан жана кайыштан ашталып жасалган. Айыл тургундарынын басымдуу бөлүгү дунган эли болгондуктан, алардын колдонгон тарыхый буюмдары музейге коюлган.

«Манты казандын алдына чөп салып, жалбырак жаап бышырылат. Учурда тургундар колдонуп жаткан манты казандар темир аралаштырылып жасалган. Ага бышырылган мантыга салыштырмалуу жыгачтан жасалган манты казанга бышкан манты даамдуу», - дешет элеттиктер.

Ырдык айылы 1877-жылы түптөлгөн. «Ырдык» сөзүн кыргызча которгондо «экинчи кокту» дегенди билдирет. Айыл эли 1950-жылдары СССРдин кызыл өтмө желегин жеңип алгандыктан, желектин атынан айылды Дыйшын деп дагы аташкан. Азыр дагы эл арасында Дыйшын айылы деп айтылып келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×