Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 22.06.2016 19:13

Жети-Өгүздө иштеп жаткан экскаватор сууга кулап түштү (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунда техникалык эрежелердин сакталбагандыгынан улам иштеп жаткан экскаватор сайдагы сууга кулап түшүп, айдоочу ооруканага жеткирилди. Ал эми, экскаватор жарактан чыкты.

Мамэкотехинспекциянын Каракол шаары, Жети-Өгүз, Ак-Суу жана Түп райондору боюнча башкармалыгынын кызматкерлери билдиргендей, аталган экскаватор 16-июнда Жети-Өгүз капчыгайындагы сууга кулаган. Анын рулунда Жети-Өгүз райондук суу чарба башкармалыгынын кызматкери Т.Алдашев болгон. Ал жетекчиликтин тапшырмасы менен ӨКМдин карамагындагы аймакта иштөө үчүн жөнөтүлгөн.

«Бул эки бөлүм – ӨКМ менен райондук суу чарба башкармалыгы бири-бирине байланышы жок. Ошондой эле, бир бөлүмдүн техникасын экинчиси колдонууга болбойт», - деп түшүндүрдү инспектор.

Маалыматта айтылгандай, экскаватор өзүнүн багыты боюнча колдонулбай, ал аймактагы иштер райондук суу чарба башкармалыгынын жетекчиси жана башкы инженерсиз жүргүзүлүп жаткан.

Эрежелер толук сакталбагандыктан экскаватор сууга кулап түшүп, жарактан чыкты.

«Бул факты каттоого алынды, эми Суу чарба департаменти менен Айыл чарба министрлигине берилиши керек. Учурда райондук суу чарба башкармалыгы бул фактыны жашыруу аракетин көрүп жатат. Алар экскаваторду суудан алып чыгып, тиешелүү комиссия келгиче оңдоп коюуга аракет кылууда. Бирок, ал техника жарактан чыкты. Бул факты боюнча иликтөө жүрүшү керек», - деп белгиледи инспектор.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×