Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 23.06.2016 18:58

Ысык-Көлдө өз атасы бычактаган жарандын көк боору алынды (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районундагы бычактан жаракат алган жаранга операция жасалды. Turmush басылмасына райондогу үй-бүлөлүк медицина борборунан маалымдалгандай, 1976-жылы туулган бейтап Р.Кубанычбектин абалы оор.

А 1

Ал үй-бүлөлүк медицина борборунун хирургия бөлүмүнө кечээ, 22-июнда саат 13:10дө жеткирилген. Операция менен Кубанычбектин көк боору алынды.

Учурда бейтап жандандыруу бөлүмүндө дарыгерлердин кароосунда болууда.

Кубаныч үй-бүлөсү менен

 

Окуя тууралуу

Ысык-Көл облусунун тургуну Кубанычбекке өз атасы бычак шилтеген. ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, кечээ, 22-июнда нөөмөт бөлүмүнө Кызыл-Туу айылынын 33 жаштагы тургуну кайрылып, бычактан жаракат алган жолдошу Р.Кубанычбекке саат 15:00 чамасында ооруканадан операция жасалганын билдирген.

Аталган факты боюнча ыкчам иликтөөлөр жүргүзүлүп, шектүү катары жабырлануучунун өз атасы — Кызыл-Суу айылынын 64 жаштагы Б.Бекбосун кармалган. Шектүү алгачкы тергөө учурунда эле күнөөсүн мойнуна алган.

Анын айтымында, окуя болгон күнү ага чейин сынган чалгыдан улам ата-баланын ортосунда кайым айтышуу болгон.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси («Ден соолукка атайылап оор залал келтирүү») менен кылмыш иши козголду. Учурда шектүү абакка камалып, тергөө улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×