Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 27.06.2016 09:43

Айыл турмушу: Жети-өгүздүк бир туугандар эс алуучуларга кулаалы куш менен сүрөткө түшүү кызматын көрсөтүшөт (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айылындагы Д.Иманов атындагы орто мектебинин 8-классынын окуучусу Байсал Марсов иниси Байэл менен кулаалы куш таптоонун сырын мыкты өздөштүрүшкөн.

Учурда алар Жети-Өгүздүн жайлоолоруна келген эс алуучуларга куш менен сүрөткө түшүү кызматын көрсөтүшүүдө. Бир туугандар кулаалы куштун балапандарын сатып алып, багышат.

«Азыр ал балапандарга үч ай болду. Иним экөөбүз күндө эс алуучуларга куш менен сүрөткө түшүү кызматын көрсөтөбүз. Куш менен сүрөткө түшүү үчүн ар бир эс алуучудан 50 сом алабыз. Күндө бештен ашык адам сүрөткө түшөт. Эс алуучулар куштун тапталышына көңүл бурушат. "Манас" эпосунда дагы "кулаалы таптап куш салдым, курама жыйып эл кылдым" деген саптар бар. Биз дагы кулаалы куш таптап, эс алуучуларга жагымдуу маанай тартуулап жатканыбызга кубанабыз», - дейт Байсал Марсов.

Учурда бир туугандардын кушу менен сүрөткө түшүүнү каалаган эс алуучулардын саны көбөйүүдө. Алар бул иш аркылуу жаңы окуу жылына карата каражат топтошот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×